Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «1916-жыл: тарыхый эс тутум» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык семинар өтүүдө

Бүгүн, 17-сентябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында «1916-жыл: тарыхый эс тутум» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык семинар өтүүдө.

Ошону менен бирге, аталган иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгын утурлай уюштурулган.

Семинарда 1916-жылдагы бир айылдын тарыхы чагылдырган илимий-изилдөө экспедициянын негизинде даярдалган тасманын бет ачары өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеӊешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, санжырачы Алмазбек Мукаев, МВДнын ардагери, милициянын полковниги Мырзабек Исмаилов

КРнын Өкмөтүнө караштуу «Манас» Улуттук Академиясынын кызматкери Бакыт Романов, К.Карасаев атындагы БМУнун доценти Рысгүл Жумалиева, «Үркүн» эскерүү жүрүшүнүн катышуучусу Эшманбет Автандил, картограф Талгат Жумашев (Голландия, on-line), т.и.к., М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин доценти Гүлзада Абдалиева, М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин ага окутуучусу Венера Жумалиева ж.б. катышууда.

Семинар И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулган.