Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда 2024-жылга арналган жаңы жылдык кече өттү

Бүгүн, 26-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «2024-жылга арналган жаңы жылдык бал» аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева, профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттер катышты.

Жаңы-жылдык кеченин жүрүшүндө жандуу музыка менен коштолгон концерттик программа тартууланды. Ошондой эле, ар бир билет алган адам лотереяга катышып, сыйлыктарга ээ болду.

Иш-чаранын жайынтыгында активдүү катышкан студенттерге грамота тапшырылды.

Иш-чара КМУнун Стартап борбору тарабынан уюштурулду.