Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө 

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” аталышындагы кереге отурумдун ачылышында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраева куттуктоо сөзүндө Эл аралык тил күнү окуу жайда салттуу түрдө, өзгөчө маанайда, университеттин көп тилдүү багыттарынын бардыгы илимий, маданий иш-чараларды өткөрүп турганын белгиледи.
Кереге отурумга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары, филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова катышып, И.Арабаев атындагы профессордук-окутуучулук курамына ийгиликтерди каалап, университеттин акыркы жылдары мамлекеттик тил саясатын жигердүү жүргүзүүдө жетишкендиктерин баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Санарип мугалим” долбоорунун негиздөөчүсү Асылбек Мадалиев – “Эне тил жана жасалма интеллект”, И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучусу Бакыт Жумагулов – “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы”, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Жаңыл Нуруева – “Эне тил жана билим берүүдөгү жасалма интеллект: заманбап чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр”, И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Махабат Сыдыкова – “Жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен окутуунун инновациялык ыкмалары” аталышында баяндамалары угулду.  
“Оймолор” ЖЧКнын жетекчиси, жаш акын Өзгөрүш Абакиров “Эне тил” чыгармасын көркөм окуп берип, катышуучулардын алкоосуна татыды.