Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда 40 окутуучу үчүн тренинг өтүлүүдө

Бүгүн,19-август күнү, И. Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда, АКШ элчилигинин жана Лингва инновациялык билим берүү фондунун колдоосу менен, 40 окутуучу үчүн тренинг өтүлүүдө. Тренинг “Effective Implementation of Project-Based Learning (PBL) Methods in Teaching Practices” темасына арналып, окутуучулардын билим берүү практикасында долбоордук окутуу ыкмаларын натыйжалуу колдонууга багытталган. Бул долбоорду даярдап, аны ийгиликтүү утуп алып, учурда долбоордун координациялоо иштерин жетектеген КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рай кызы Рахат болуп саналат. Тренинг учурунда катышуучулар PBL методикасынын негиздерин үйрөнүп, аны окутуу процессинде натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырышат. Бул иш-чара билим берүүдө заманбап инновациялык ыкмаларды киргизүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатында уюштурулууда. Тренинг 19-28-августка чейин созулат.