Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда 5 багыт боюнча докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнө кирүү сынактары өттү

25-26-сентябрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнө караштуу «Педагогика», «Теология», «Психология», «Филологиялык билим берүү» жана «Физика-математикалык билим берүү» багыттары боюнча кирүү сынактары болуп өттү. Кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү: Педагогика боюнча - п.и.д., проф. А.Т.Калдыбаева, пед.и.д.,проф. Т.В.Панкова, пед.и.д.,проф. М.Ж. Чоров, Теология боюнча - PhD доктор А.А.Исмаилов, PhD доктор Н.Б.Шамралиев, И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновация боюнча проректору, филос.и.д., проф. А.Т.Бейшенова, докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы п.и.д., проф.м.а. А.К. Чалданбаева катышуусунда PhD докторанттар кирүү сынагынан  өтүштү.
2023-2024-окуу жылына PhD докторантурага кабыл алуу иштери 10-октябрга чейин уланат.