Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган отурум өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети тарабынан уюштурулган “Улуу Жеңиш мурасын ардактайлы” аталышындагы тегерек отурум өттү. Отурумда окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим кылуу менен алардын кылган эрдиктерин эстеп жүрүү зарыл экенин баса белгиледи. 
9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган тегерек отурумга генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунун башчысы, полковник Канагат Уразбеков, аталган институттун курсанттары, тарых илимдеринин кандидаты Болот Абдрахманов жана университеттин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин окутуучулары жана студенттери катышты.  
Анда “Улуу Ата Мекендик согуштун бүгүнкү күндөгү өзгөчөлүктөрү”, “ Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Кочкордук жоокерлердин майдандагы эрдиктери”, Улуу Ата Мекендик согуштагы Кыргызстандык жоокерлердин эрдиктери”, “Мекенди коргоо – ыйык милдет” деген темаларда кызыктуу баяндамалар жасалды. 
Аны менен катар, отурумда И.Арабаев атындагы КМУ менен К.Усенбеков атындагы Аскер институту ортосунда ЖОЖдор аралык кызматташтыкты бекемдөө максатында Улуу Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларды жыл сайын уюштуруу, Улуу Жеңиш мурасын жаштар арасында жайылтуу, жана бул темага байланыштуу илимий изилдөөлөрдү көбөйтүүгө багытталган резолюция кабыл алынды. 
Иш-чара генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студент кыздарынын жеңиш вальсы менен жыйынтыкталды.