Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «Ааламдашуу шартында билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнүн тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

9-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ааламдашуу шартында билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнүн тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүүдө.

Конференция И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институту жана Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Окуу керемет!» долбоору жана «Ыйык Ата-Журт» коомдук жаштар фондунун колдоосу тарабынан уюштурулган.

Конференциянын максаты: билим берүү тармагында болочок мугалимдерди жана тарбиячыларды даярдоонун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн мейкиндикти түзүү;

замандын приоритеттүү маселелерин, проблемаларын жана чакырыктарын, ааламдашуу шартында заманбап билим берүү системасынын мүмкүн болуучу тенденцияларын билим берүү жана илимий коомчулук тарабынан талкуулоо;

илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу жана мугалимдердин билим берүү тармагындагы инновациялык тажрыйба менен таанышуу;

ЖОЖдордун ортосунда жана “бала бакча – мектеп – ЖОЖ – квалификацияны жогорулатуу системасы” тутумунда педагогикалык кадрларды практикага багытталган даярдоо жаатында кызматташуунун келечегин аныктоо.

Бул илимий иш-чарага НГПУ, И. Кант атындагы БФУ, Абай атындагы КазМУ, Казакстандын “Мирас” университети, ОшМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, А.А.Машрапов атындагы БатМУ, Кыргыз билим берүү академиясы, Медицина колледжинен катышууда.