Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда “Ачык эшик күнү” өтүүдө

14-май күнү И. Арабаев атындагы КМУда бүтүрүүчүлөр үчүн “Ачык эшик күнү” өтүүдө. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары, студенттер, шаар тургундары жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, окуучулар үчүн кесип тандоо боюнча материалдык-техникалык база менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулууда. Иш-чаранын алкагында университеттин кабыл алуу эрежелери, келечектеги кесиптер, чет өлкөдө окуу долбоорлору, институттар, факультеттер жана колледждер тууралуу кеңири маалымат берилди.