Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Ак илбирсти коргоо эл аралык күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү 

Бүгүн, 23-октябрда, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ак илбирсти коргоо эл аралык күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү. “Ак илбирс – тоо экосистемаларынын көрсөткүчү” темасында БУУнун 2026-жылга чейинки климаттын туруктуулугун жана экономиканы өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында өттү. 
Бул иш-чара жыл сайын Ак илбирстин популяциясын коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү 23-октябрда белгиленет. Быйыл Ак илбирсти коргоо эл аралык күнүнүн 10 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Тегерек столдун негизги максаты – Тоо экосистемаларын сактоо жана Ак илбирстин таралуу ареалын коргоо жаатындагы негизги жыйынтыктарды талкуулоо. Заманбап илимий тенденциялар жана өнүгүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Ак илбирстин популяциясына мониторинг жүргүзүү, моделдөө жана баалоонун, болжолдоонун инновациялык ыкмаларын колдонууну талкуулоо. 
Тегерек столдун жүрүшүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, Ак илбирстин популяциясын коргоо маселелерин ортого салып, мамлекетибиздин дүйнөлүк масштабда жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу баса белгиледи. 
Иш-чарага КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары К.У. Касеинов, атайын жана толук ыйгарымдуу элчи, дипломат Э.М. Оторбаевдер катышты. «Илбирс Фонду» коомдук фондунун төрагасы З.Кубанычбеков «Кыргыз Республикасындагы Ак илбирсти сактоо боюнча «Илбирс Фонду» коомдук фондунун ишмердүүлүгү»; Ак илбирстин экосистемасын сактоо боюнча дүйнөлүк программасынын өкүлү Ш.Коустуб “Ак илбирсти сактоо үчүн эмне кылыш керек? Изилдөө, коомчулуктун катышуусу, билим берүү жана саясатка кийлигишүү” («What does it take to conserve snow leopards? Research, Community engagement, Education and Policy Intervention") аталышында пленардык докладдарын жасашты.
И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору география илимдеринин доктору, профессор Мирлан Дылдаев тегерек столдун катышуучуларын Ак илбирсти коргоо эл аралык күнүнүн 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.  
Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери Клара Асылбекова “Ак илбирсти сактап калуу – ар бирибиздин милдетибиз” темасында, Айгерим Турдалиева «Ак карлуу тоонун кожоюну» аталышында жана Бактыгүл Мухтарбек кызы видео презентациясы менен катышышты.
Тарыхка кайрыла кетсек, 2013-жылдын 23-октябрында Бишкекте Ак илбирстин экосистемасын сактоо боюнча биринчи глобалдык форумуна дүйнөлүк коомчулуктун 30дан ашык өлкөсү, анын ичинен Ак илбирстин таралуу ареалы болгон 12 негизги өлкөлөрдүн катышуусунда «Бишкек декларациясы» кабыл алынган. 
Тегерек столго курчап турган чөйрөнү коргоо багытында иш алып барган окумуштуулар, аспиранттар, докторанттар, магистранттар, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.