Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Академиялык сабаттуулук” түрмөгүнүн алкагында “Илимий иште электрондук ресурстарды колдонуу” аттуу семинар болуп өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Докторантура, PhD (базалык) докторантура жана аспирантура бөлүмү тарабынан “Академиялык сабаттуулук” түрмөгүнүн алкагында “Илимий иште электрондук ресурстарды колдонуу” аттуу семинар болуп өттү. 
Cеминарда илимий китепкананын электрондук ресурстары, өз алдынча түзүлгөн ресурстар, Kyrlibnet, E-library жана Scopus илимий-биометрикалык маалымат базасы менен тааныштырылды.

Аталган иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, п.и.д., проф.м.а. А.К.Чалданбаева, Докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Н.А.Эргешбаева, Докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнүн ага адистери Н.Чукун кызы, А.Ж.Орокчуева, илимий китепканын кызматкерлери Б.К.Кутуева, Б.М.Токтомушева, А.К.Адырбекова, PhD докторанттар жана аспиранттар катышты.