Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Акыл-таймаш” интеллектуалдык оюну өттү

1-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү жана Педагогикалык-гуманитардык колледждин студенттеринин ортосунда “Акыл-таймаш”оюну өттү. Акыл таймаш оюнунун суроолору Кара-Кыргыз автономиялык облусу жана мамлекеттүүлүктүн башында турган инсандар тууралуу түзүлгөн. Мелдешке 5 команда катышып, I орунду “Ынтымак” командасы, II орунду “Достук” командасы, III орунду “Биримдик” командасы ээледи. Жыйынтыгында жеңүүчү аталган командаларга атайын дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды. “Акыл-таймаш” интеллектуалдык оюну Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин студенттери жана окутуучулары тарабынан илим жумалыгынын алкагында уюштурулган.