И. Арабаев атындагы КМУда “Акыл Тирек” интеллектуалдык оюну өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Акыл Тирек” аталышында интеллектуалдык оюн өттү. Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын максаты: студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, жаңы маалыматтарды өздөштүрүү жана чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Иш-чара ар багыттагы суроолор камтыган бир нече этаптан туруп, студенттер өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.