Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Акыл тирек” интеллектуалдык оюну өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Акыл тирек” интеллектуалдык оюну өттү. Иш-чарага университеттин ар бир курамынан 5 студенттен турган командалар катышты.

Оюндун негизги максаты: окуу жайдын курамдарынын ортосундагы ынтымакты жана достукту чыңдоо, ошондой эле, студенттердин лидерлик сапаттарын жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өркүндөтүү.

Иш-чаранын алкагында оюнчуларга Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу, кыргыз адабияты, Үчилтик (Саякбай Каралаевдин вариантында), КМУнун 80 жылдыгы, Аймак таануу жана күтүлбөгөн суроолор боюнча даярдалган тапшырмалар берилди.

Катышуучулар кагаз түрүндө суроолорго жооп берип, өз билимдерин сынашып, командалык ынтымактарын көрсөтүштү. Оюн жогорку деңгээлде өтүп, калыстар тобунун адилеттүү баалоосу менен жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылды. Бул иш-чара студенттердин интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган.

Бул иш-чара университеттин жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү, “Агартуу лигасы” долбоору жана студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган.