Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Англис тилин окутуудагы заманбап чакырыктар: мыкты тажрыйбалар, көйгөйлөр жана перспективалар” аталышында кеңейтилген кеңешме өтүүдө

30-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУда КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда “Англис тилин окутуудагы заманбап чакырыктар: мыкты тажрыйбалар, көйгөйлөр жана перспективалар” аталышында кеңейтилген кеңешме өтүүдө.

Иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, англис тил адистигин даярдаган ЖОЖдордун ректорлору жана декандары катышты.

ЖОЖдордун ректорлору жана декандары англис тилин үйрөтүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого өздөрүнүн көптөгөн ойлорун ортого салды.

Кеңешменин катышуучулары “Англис тилин окутуудагы заманбап чакырыктар: мыкты тажрыйбалар, көйгөйлөр жана перспективалар” темасы боюнча келечектеги иш-аракеттерди жана өнүгүү пландарды талкуулашты. Анда, англис тилин үйрөтүү боюнча адистиктерди даярдоонун сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу маселелер каралып, корутундуулар жана сунуштар айтылды.