Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда англис тилин окутуу боюнча методикалык семинар өттү

23-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун 4-курсунун студенттери менен жаш англис тилчи мугалимдерге «Differentiated instruction in teaching» деген темада англис тилин окутуу боюнча методикалык семинар өттү. Ага эл аралык тренерлер Тонуева Эльвира Иманбековна менен Юсупова Альфия Равильевна чакырылган. Англис тилиндеги семинардын жүрүшүндө методикалык эл аралык талаптар жана мамлекеттик мектептерде сабак өтүүнүн жолдору, ыкмалары талкууланды. Андан тышкары тренерлер өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерди келечекте өз кесибинин мыктылары болууга шыктандырды.