Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда араб тили мугалимдери үчүн төрт күндүк окуу курсу өткөрүлдү

4-7-декабрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин коомдук китепканасынын залында Падыша Салман атындагы Эл аралык Араб тили академиясы жана Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан араб тили мугалимдери үчүн төрт күндүк окуу курсу өткөрүлдү.  
Кыргызстандагы араб тили мугалимдери үчүн өткөрүлгөн семинар-тренингдин акыркы күнүндө угуучуларга сертификаттарды тапшыруу үчүн жана курсту ийгиликтүү аяктагандарга куттуктоо сөздөрү менен Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы Элчиси, доктор Ибрагим Ради Аль-Ради мырза, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалап, эки өлкөнүн ынтымагы арта берүүсүнө көп тармактуу кызматташуу күндүн талабы экенин баса белгилешти. 
Биз Сауд Арабия Падышачылыгынын өкмөтүнө бул сапаттуу кызматтары үчүн ыраазычылык билдиребиз.