Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда "Аталар изи" жаштар форуму өтүүдө

29-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУ менен “Агартуу Лигасы” билим берүү долбоору уюштурган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын ишин жаштарга ар тараптуу жеткирүү максатында “Аталар изи” аталышындагы жаштар форуму өтүүдө .

Форумга КР ЖК депутаты Ч.Айдарбеков, Коомдук ишмер Р.Айтматова, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору А.Т. Абдраева, окумуштуу-тарыхчылар Ч.Койчуманова, З.Курманов, Ш.Батырбаева, Ата-Бейит Улуттук комплексинин директору Б.Абдрахманов ж.б. көптөгөн окумуштуулар , студенттер катышты.

Иш-чара КР Президентинин “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөө” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Жаштар форумуна Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайынан келген 200гө жакын активист студенттер катышты жана буга чейин уюштурулуп келген “Аталар изи” интеллектуалдык оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Жаштардын башын бириктирип, форум өткөрүү менен жаркын келечекке умтулган студенттерибиздин билим алууда алдыңкы технологияларды, инновацияларды колдонуу менен бирге мамлекетибиздин, элибиздин тарыхын, маданиятын, тилин унутпай дайыма көкүрөктөрүнө туюп, билип жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.