Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «Бактылуу мугалимдердин сырлары. Кесиптеги жыргалчылыкты жогорулатуунун жолдору» аталышында тегерек стол өтүүдө

22-ноябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУда Психологдор күнүнүн алкагында интерактивдүү форматта «Бактылуу мугалимдердин сырлары. Кесиптеги жыргалчылыкты жогорулатуунун жолдору» аталышында тегерек стол өтүүдө.

Тегерек стол профессионалдык бакубаттуулукту жакшыртуунун натыйжалуу жолдорун талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана мугалимдерге өзүн бактылуу, мотивациялуу жана ийгиликтүү сезүүгө жардам бере турган инструменттерди табуу үчүн аянтча болуу максатын көздөйт.

Иш-чаранын максаты: пикир алмашуу, инновациялык чечимдерди издөө жана профессионалдык чөйрөдө мугалимдердин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү.

Тегерек столго мугалимдер, психологдор, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле кесиптик бакубаттуулук жана өзүн-өзү ишке ашыруу маселелери менен алектенген адистер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө интерактивдүү форматта чакан топтордун талкуулары өткөрүлөт; ийгиликтүү тажрыйбаларды жана учурларды талкуулоо; биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу.

Тегерек стол М.Р.Рахимова атындагы Кесиптик кошумча билим берүү институту тарабынан уюштурулду.