Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Банк секторундагы маалыматтык технологиялар” аталышындагы илимий иш-чара өттү

21-октябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде студенттер үчүн “Банк секторундагы маалыматтык технологиялар” аталышындагы илимий иш-чара уюштурулду. Анда Гүлмира Султанбаева модератор болуп, «Компаньон» банкынын Корпоративдик маалыматтар бөлүмүнүн башчысы Марат Кожонов “Банктагы IT бөлүмү” деген темада доклад жасады. Ал эми “KIСB” банкынын Маркетинг бөлүмүнүн башчысы Бексултан Жумалиев “3d logo KICB in Blender” аталышындагы доклад жасады. Белгилей кетсек, мындай иш-чара Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун илим күнүнө карата бир айлык декадасынын негизинде ар жуманын ишемби күндөрү уюштурулуп турат.