Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда базалык мектеп менен университет ортосундагы байланыштар тууралуу кереге кеңештин отурумунда талкууланды

Бүгүн, 1-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогика багытында педагогикалык жана педагогикалык эмес адистиктердин байланышын түптөө, бекемдөө жана өркүндөтүү максатында кереге кеңеш өттү.

Кереге кеңештин отурумуна И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев, КМУнун практика жетекчиси Нурпаис Баястанов, курам жетекчилери, Бишкек шаарынын Мэриясына караштуу Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Анда, базалык мектеп менен университет ортосундагы байланыш, теория менен практиканы айкалыштыруу, методистердин жаш муундарга усулдук тренингдерди өтүүсү, ошол эле учурда базалык мектептердин окутуучуларга квалификациялык курстарды уюштурууга мыкты өбөлгө түзүлөөрү тууралуу айтылды.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы базалык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери пикир алмашты.