Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда ББПУАА программалык аккредитациялоодо тышкы баалоо жүргүзүүдө

18, 19-март күндөрү Кыргыз Республикасындагы Лицензиялык талаптар менен бирдикте көз карандысыз аккредитациялоонун 7 стандартынын, анын ичинде 59 критерийине учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде көз карандысыз Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги Программалык аккредитациялоодо атайын тышкы баалоо жүргүзүүдө.

Программалык аккредитациялоодо тышкы баалоо жүргүзүү максатында түзүлгөн Эксперттик комиссиясынын кароосуна жана иш алып баруусуна И.Арабаев атындагы КМУнун жооптуу кызматкерлери, университеттин Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Окуу башкармалыгынын начальниги Равшан Зайниев, Билим берүү программаларынын сапаты жана аккредитация секторунун башчысы Кенжегүл Кыдыкбаева, Окуу-инспекциялоо бөлүмүнүн башчысы Шарапат Искендеровалар тарабынан толук кандуу материалдар жана шарттар түзүлүп берилди.

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Б.И.Исмаилов тарабынан бекитилген 2 күндүк программанын негизинде Жогорку кесиптик билим берүү программасы (бакалавр, магистр) боюнча 19 шифр менен иш алып барууда.

Программалык аккредитациялоодо тышкы баалоо жүргүзүү үчүн референттер ББПУААнын директорунун орун басары С.М.Мамбеталиева, Башталгыч кесиптик жана жалпы билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Дж.С.Мамытканов иш алып барууда.

Орто кесиптик билим берүү программасы боюнча 17 шифр менен иш алып барууда.

Программалык аккредитациялоодо тышкы баалоо жүргүзүү үчүн референттер ББПУААнын Башталгыч кесиптик жана жалпы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Жээнбаева, кесиптик билим берүү боюнча менеджер Н.Ш.Чолпонбаева иш алып барууда.

Эксперттер окуу жайда билим берүү сапатына кепилдик берүүгө кандай иш-чаралар аткарылып жатат, билим берүү сапатынын абалы, МТБ, окуу-усулдук китептер менен камсыздалышы, профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөткүчтөрү, ж.б. у.с. окуу процессиндеги критерийлер боюнча баа берүүдө.

Көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин программасында атайын ар бир программанын аткарылышын бир гана отчеттон баало эмес студенттерден, ата-энелерден, жумуш берүүчүлөрдөн, профессордук-окутуучулук курамынан, административдик курамдан атайын интервью алышууда.