Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда билим берүү багытындагы окутуучулардын конференциясы өттү 

Бүгүн, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) «Кыргыз Республикасында ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында, биздин университеттин окутуучуларынан түзүлгөн Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан педагогика жана кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедралары тарабынан аткарылган иштерге арналган жыйынтыктоочу конференция өттү. Жыйынды окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, ачып берди. Анда, «Педагогика» дисциплинасы боюнча Типтүү программа, Педагогикалык адистиктер үчүн кесиптик билим берүү ишинин негиздери (методикалык коштоо), Билим берүү уюмдарында кесиптик багыт берүү ишин өнүктүрүү боюнча хрестоматия, педагогикалык билим берүү багытына киргизилген «Кесиптик багыт берүүнүн теориясы жана практикасы» дисциплинасынын окуу-методикалык комплекси, окуу-усулдук колдонмосу менен тааныштыруулар болду. Ошондой эле, долбоордун туруктуулугу талкууланып, катышуучулардан практикалык сунуштар кабыл алынды.
Конференцияга долбоордун алкагына кирген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын проректорлору жана орто кесиптик окуу жайларынын директорлору, педагогика жана филология факультеттеринин кафедра башчылары катышты. Жалпысынан конференция гибриддик формада өттү.