Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда  «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы боюнча отурум өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык мыйзам алдындагы актыларды, ведомстволук жана ведомстволор аралык актыларды ишке ашыруу боюнча Жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Отурумга КРнын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева жана аталган Жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.