Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда "Биология XXI кылымда" аттуу иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эл аралык биологдор күнүнө арналган "Биология XXI кылымда" аттуу чакан иш-чара өттү. Ага Биология жана химия факультетинин деканы, профессор М.Чоров, кафедра башчысы, проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева, окутуучулар жана студенттер катышты. Анда "Аутофагиянын медицинадагы мааниси" жана "Гендик жактан өзгөртүлгөн организмдер" жөнүндө илимий талкуу болду. Ага кошо эле студенттер тарабынан темага байланыштуу ырлар ырдалып, сахналаштырылган оюн көрсөтүлдү. Иш-чара Биология жана химия факультетинин курамындагы жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын жамааты тарабынан уюштурулган.