И.Арабаев атындагы КМУда «Бирге зомбулукка каршыбыз!» аттуу иш-чара болуп өттү
25-ноябрдан 10-декабрга чейин “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык кампаниясынын алкагында “Бирге зомбулукка каршы!” акциясы өтүүдө.
Бул даталар кокусунан тандалган жок: 25-ноябрь - Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнү жана 10-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк адам укуктарынын күнү.
Бул иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасы тарабынан уюштурулду. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси иш-чаранын өнөктөшү болду.
Катышуучулар, ТСУББИнин 1-3-курсунун студенттеринин эмгектеринин көргөзмөсү, командалык плакаттар сынактарынын күбөсү болду. Иш-чаранын катышуучуларына окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөдү.
Бул форумга Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББИнин директору Чолпон Койчуманова, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү Константин Бедарев катышты.
Иш-чарада 1-курстун студенти Гаухар Мундузбаева “Балдарды зомбулуктан коргоо маселеси; эл аралык демилгелер, Кыргызстандын тажрыйбасы» аталышында баяндамасы угулду.
Иш-чаранын катышуучуларына зордук-зомбулук көйгөйлөрү боюнча сценкалар, ошондой эле зомбулукка каршы плакаттар сынагы тартууланды.