Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Чыңгыз Айтматов – доордун залкар жазуучусу” аттуу университеттер аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

29-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУда Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – доордун залкар жазуучусу” аттуу университеттер аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференция И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Орус филологиясы факультети тарабынан “Ыйык Ата-Журт” жаштар фондунун каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.

Конференциянын катышуучуларын куттуктоо сөзүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун зор эмгектерин баса белгилеп, залкар жазуучунун «Адамдар бири-бирине сабырдуу болушат, бирок адамдык сапаттарын сактап, адам бойдон калып, бирдей ойлоно алышпайт» накыл кебин эске салды.

Конференцияга ошондой эле Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Эсма Хагба, “Ыйык Ата Журт” жаштар фондунун төрагасы Нурсултан Жанибек уулу катышып сөз сүйлөдү.

Пленардык жыйында филология илимдеринин доктору, КР УИАнын академиги Осмонакун Ибраимовдун “Айтматов – түрк дүйнөсүнүн интегратору” деген доклады, филология илимдеринин доктору, проф. КАО Советбек Байгазиев «Ч.Т. Айтматов – Кыргыз элинин даанышманы», педагогика илимдеринин доктору, проф. “Манас” КТУ Акматали Алимбеков “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы мугалимдердин идеалдары», филология илимдеринин доктору, проф. И.Арабаев атындагы КМУ Илимкан Лайлиеванын «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы эсхатологиялык мотивдер» доклады, И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин Билим берүү жана психология Жогорку мектебинин директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Марина Храмова “Санари