Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду

Бүгүн, 18-декабрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы болуп өттү. 
Салтанаттуу иш-чараны Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева ачып сөз сүйлөп, университеттин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Роза Торекуловна Айтматовага Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы юбилейлик медалын тапшырды.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М.Р. Рахимова атындагы ККББИнин табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Жанышбек Жамурзаевге КРнын  УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тилдер жана адабият институтунун Ардак грамотасы тапшырылды.