Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Экология 3.0 программасынын биринчи этабы башталды

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде PERETO долбоору жана IDEA Борбордук Азия программасы Экология 3.0 программасынын биринчи этабын баштады.

География, химия, биология  жана туризм институтунун студенттери үчүн PERETO долбоору менен Борбордук Азия программасынын серепчилери практикалык презентацияларды жана лекцияларды даярдашкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге климаттын өзгөрүшү, экологиялык долбоорлор, туруктуу туризм жана жашыл технологиялар тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле студенттер ушул жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өтө турган Экология 3.0 масштабдуу экологиялык кампаниясынын катышуучусу болууга мүмкүнчүлүк алышты.