Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Эл аралык китеп күнү белгиленди

23-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУда «Эл аралык китеп күнүнө» карата Кара-кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө “Алгачкы кыргыз китептери билим, илимдин башаты” китеп көргөзмөсү уюштурулуп, «Китеп билим булагы» аталышында конкурс уюштурулган. Ошондой эле, «Жаш калемгер» клубунун мүчөлөрүнүн чыгармаларынан көркөм окулуп, студенттер тарабынан күүлөр жаңырып, концерттик программа тартууланды. Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Илим, эл аралык байланыштар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге жана конкурстун жеңүүчүлөрүнө ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.