Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Эл аралык спорт күнү белгиленди

5-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия жана спорт институтунда эл аралык спорт күнү белгиленди. Эл аралык спорт күнүнө карата “Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу” федерациясынын салттуу оюндарынын көргөзмөсү уюштурулган. Ошондой эле, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттердин ортосунда ынтымак мелдештери өтүп, катышуучулар волейбол, кол күрөш, стол тенниси боюнча таймаш өткөрдү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, курам жетекчилери жана студенттер катышты.