Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда ЭМИнин директорун ардактуу эс алууга узатышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде экономика илимдеринин кандидаты, профессор Феликс Законович Турдукулов директорлук кызматынан ардактуу эс алууга чыкты.

Феликс Законович 1998-жылы ЭМИнин демилгечиси  жана негиздөөчүсү болгон. Чейрек кылымдан бери ал экономика жана менеджмент институтун туруктуу жетектеп келди.

Феликс Законович жогорку кесипкөй башкаруучулугу, компетенттүү лидерлиги, жоопкерчиликтүүлүгү, максатка жетүүдөгү өжөрлүгү, жаратмандыгы, чыгармачыл мамилеси, эң башкысы жамаат менен адилетүүлүгү жана ишкер мамилеси менен өзгөчөлөндү. 

Профессорлордун катарын толуктоо менен Сиз биздин институттун жана Кыргызстандын өнүгүшү үчүн өз тажрыйбаңызды жана билимиңизди марттык менен бөлүшөрүңүзгө  ишенебиз. Билим берүүнү өнүктүрүүгө, жаштарды тарбиялоого кошкон салымыңыз, эмгегиңиз жана бизге болгон мамилеңиз үчүн жалпы жамааттын атынан урматыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Сизге чың ден соолук жана  күч-кубат каалайбыз.