Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Enactus day” аталышындагы иш-чара өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында “Enactus day” аталышындагы иш-чара өтүүдө. Ага окуу жайдын Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова жана университеттин 1-курсунун студенттери катышууда. Аларга ишкерлик, стартап долбоорлору жана “Enactus” командасы тууралуу маалыматтар берилүүдө.