Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Enactus Day” иш-чарасы өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Enactus Күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараны университеттин Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев ачып, өзүнүн куттуктоо сөзүндө окуу жайдын Enactus командасына зор ийгиликтерди каалап кетти.

Салтанаттуу иш-чарага Enactus Kyrgyzstan Улуттук офисинин, IDEA CENTRAL ASIA регионалдык жаштар уюмунун, Accelerate Prosperity уюмунун жана IFES эл аралык фондунун өкүлдөрү катышууда.

Enactus – эл аралык коммерциялык эмес уюм, жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган. Уюмдун максаты - туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу.

И.Арабаев атындагы КМУнун Enactus KSU командасы жаңы окуу жылында шыктандырган программасын тартуулайт.