Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Эразмус долбоорунун «Жашыл санарип университеттери» пакеттерин талкуулоо боюнча жолугушуу өттү

9-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун командасынын жумушчу жолугушуусу болуп, анда Эразмус долбоорунун “Жашыл санарип университеттери” Жумушчу пакеттери талкууланды. Жолугушуу университеттин илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.К.Чалданбаеванын жетекчилиги астында өттү.
Жолугушууга Табигый илимдер жана туризм институтунун (ТИТИ) директору, география илимдеринин доктору, профессор М.М.Дылдаев, ТИТИнин Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын башкаруу борборунун директору Жалилова Г.Т.
Жолугушууда долбоордун алкагында университеттин ички потенциалын баалоо (күчтүү жана алсыз жактары), ошондой эле алдыдагы иш-чаралардын иш планы жана европалык өнөктөштөр менен онлайн жолугушууларга даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Долбоор КР ЖОЖдорун камтыган консорциумда ишке ашырылып жатат, гранттын ээси КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы болуп саналат.