Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Эразмус+ программасынын өкүлдөрү ЖОЖдун студенттери менен баарлашты

20-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУда жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, жаштарды колдоо жана спорт тармагындагы кызматташтыкты колдоого багытталган Эразмус+ программасынын өкүлдөрү ЖОЖдун студенттери алдында сөз сүйлөштү. Өз сөзүндө алар бул эл аралык билим берүү сапарын баштоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин белгилешти.
Алар университеттин студенттерин эл аралык билим берүү программалары, алмашуу жана чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүү менен тааныштырышты.
Иш-чарада студенттерге Эразмус+ программасынын өкүлдөрүнө кызыккан суроолорун берүү, талаптар, тапшыруу процесси жана башка көптөгөн нерселер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилди.