Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Генетика” боюнча илимий ийримдин ачык отуруму өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Генетика” предмети боюнча студенттердин илимий ийриминин ачык отуруму өттү.

Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Гүлнар Шаршеналиеванын жетекчилиги астында уюштурулуп, институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Илимий отурумдун алкагында “Генетиканын заманбап маселелери”, “Экологиялык генетика” темалары боюнча маселелер талкууланды.

Талкуу учурунда эпигенетиканын жетишкендиктери менен кант диабетин, калкан безинин ооруларын, сейрек кездешүүчү тукум куучу иммундук дефицит илдеттерин дарылоо мүмкүнчүлүктөрү жана этностордун тектештигин генетикалык изилдөөлөр аркылуу аныктоо маселелери каралды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер “Клондоштуруунун механизмдери” жана радиациянын адамдын саламаттыгына тийгизген таасири тууралуу видеороликтерди көрүп, генетика боюнча викторинага катышты.

Отурумдун жыйынтыгында кафедра башчылары Салтанат Кендирбаева, Дамира Сөлпүева, Майрам Кырбашова жана профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер жарыш сөздөргө чыгып, талкууланган темалар боюнча ой бөлүштү.