Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча ЖОЖдор аралык келишимге кол коюлду

14-июнда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Иммануэль Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча университеттер аралык келишимге кол коюлду.
Буга чейин ЖОЖ жетекчилери макулдашкан бул келишимди бүгүн И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлдөрү, Билим берүү жана гуманитардык илимдер институтунун жетекчиси, п.и.д., профессор Анна Бударина жана Билим берүү институтунун директорунун орун басары, доцент Олеся Парахина кол коюуга алып келген.
И.Арабаев атындагы КМУда И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча ЖОЖдор аралык келишимге ректор, профессор Айгүл Абдраева кол койду.