Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда И.Кант атындагы БФУнун расмий өкүлчүлүгүнүн ачылышы болду

18-сентябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин (Калининград, Россия Федерациясы) делегациясы келди.
И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин расмий делегациясында ректор, философия илимдеринин доктору, профессор Александр Александрович Федоров, жаштар саясаты жана эл аралык тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ольга Михайловна Ким, официалдуу бөлүмдүн башчысы Гизат Маратович Тажин, БФУнун эл аралык кеңсесинин директору Дарья Ефимовна Гербер, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин билим берүү жана илим боюнча атташеси, Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин өкүлү Роберт Геннадьевич Федоров жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Фархатович Зулхарнеевдер келди.
Келген конокторду И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Төлөковна Абдраева, Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Бейшенова Айсулу Тилековна жана курам жетекчилери жылуу тосуп алышты. 
Жолугушуунун жыйынтыгында ЖОЖдордун ректорлору И.Арабаев атындагы КМУда И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту.
Коноктор университеттин музейи менен таанышып, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программасынын кубөлөрү болушту.