Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда инклюзивдик билим берүү боюнча эл аралык эксперт Елена Гионис семинар өттү 

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде атайын билим берүү боюнча педагогика илимдеринин доктору, инклюзивдик билим берүү боюнча эл аралык эксперт Елена Гионис өзгөчө балдарга мамиле жана алар менен иштешүү тууралуу семинар өттү. Иш-чараны окуу жайдын Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова ачып берип,  мындай семинарларды университетте байма-бай уюштуруу өтө маанилүү экенин баса белгилеп, доктор  Елена Гиониске ыраазычылык билдирди.  Семинарга педагогика багытында окуган студенттер жана Бишкек шаарындагы реабилитациялык мектеп, борбор, бала бакчаларда иштеген адистер, ата-энелер катышты.  
Аталган семинар АКШ элчилигинин, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жана Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдоосу менен уюштурулду.