Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «Инклюзияга бирге!» студенттик конференция болду

18-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда «Инклюзияга бирге!» Эл аралык илимий-тажрыйбалык  студенттик конференция болуп өттү.
Ага университеттин  ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проектору Айсулу Бейшенова, атайын Кореядан келген ардактуу конок Конджу улуттук университетинин проректору Квак Сынчоль, Борбордук Азиянын Евразия фондунун директору Анара Надирбекова, Австралиялык реабилитолог Джереми Турвей, Педагогика факультетинин деканы, доцент Мелис Оңолбаев, декандын орун басары, инклюзивдик билим берүү лабораториясынын жетекчиси Кеңеш Тилекеев, педагогика кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу Миргүл Эсенгулова, Бишкек шаарынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды реабилитациялоо борборунун директору Чолпон Арыкпаева, педагогика факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Мындан сырткары, кереге кеңеште Беларусь Республикасынын  Брест облусунун Коррекциялык өнүктүрүүчү жана реабилитация борборунун жетекчиси, Бириккен улуттар уюмунун инклюзивдик коомчулукту өнүктүрүүнүн эл аралык эксперти Татьяна Жук, Казахстандан Ш.Уалиханов атындагы Кокшетау  университетинин  профессору, социалдык жана жаш курак педагогикасы кафедрасынын башчысы, филолология илимдеринин кандидаты Айсулу Шаяхметова,  аралыктан он-лайн атайын баяндама окуп беришти.
Болуп өткөн конференциянын максаты - эл аралык илимий-тажрыйбалык  студенттик конференция инклюзивдик билим берүү маселелерин талкуулоого арналып, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин ЖОЖдор аралык Инклюзивдик билим берүү лабораториясы тарабынан уюштурулган.