И.Арабаев атындагы КМУда “Кан тапшыруу” аталышындагы метод-семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Республикалык кан борборунун медициналык бөлүмү боюнча директордун орун басары, медицина илимдеринин кандидаты А.Б. Сатыбалдиева “Кан тапшыруу” аталышындагы метод-семинар өттү. Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы кан борборунун ишмердүүлүгү, заманбап лабораториялык жабдуулардын иштөө мүмкүнчүлүктөрү, кан куюу ыкмалары, донорлуктун мааниси жана кан куюу учурундагы коопсуздук эрежелери тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.