Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда "Кесипкөйлүктү баалоо" боюнча байкоочу тобунун мүчөлөрү көрсөтмөлүү ачык сабактарды өтүп башташты

Бүгүнкү күндө заман талабына ылайык окутуу технологияларын олуттуу өзгөртүү зарылдыгы жаралып жаткан учур. Педагогика илиминде окутуу, тарбиялоо иштерин заман талабына шайкеш өнүктүрүү боюнча иштиктүү аракеттер жасалып келет. Бул багытта И.Арабаев атындагы КМУда "Кесипкөйлүктү баалоо" боюнча байкоочу топ түзүлгөн. Байкоочу топ окутууда маалымат технологиясын өздөштүрүп,анын каражаттарын өз практикасында кеңири пайдаланып сабак өтүү талабын аткаруу менен сабакта студенттерге терең билим берүү, билим сапатына жетүү максатын аркалайт. Мындай алгылыктуу иштердин алкагында топтун мүчөлөрү Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун доценти, т.и.к. Г.К. Жыргалбекова жана доц. м.а. К.А.Курманалиев, Педагогика жана психология институтунун проф. м.а., п.и.к. М.М.Эсенгулова көрсөтмөлүү ачык сабактарды өтүп башташты.