Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда кесиптик багыт берүү иштери уланууда 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун жана Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары Педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү менен  кесиптик багыт берүү максатында жолугушту. Жолугушууда факультеттер даярдап жаткан адистиктер боюнча кеңири маалыматтар берилип, кесиптик багыт берүү боюнча буклеттер таратылды. Аны менен катар Мамлекеттик тил жана маданияты институтунун  «Алтын казык» адабий резиденциясынын мүчөлөрү улуу акын Алыкул Осмоновдун  өмүр баяны жана басып өткөн жолун чагылдырган  чакан сценка коюшту. Ал эми Искусство жана дизайн факультетинин студенттери ыр, күү аткарып беришти.