Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда китепканачыларга 5 айлык курс өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинде китепканачылардын квалификациясын жогорулатуу жана  кайра даярдоо боюнча 5 айлык курс өтүп жатат. Окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева «Санариптик Кыргызстан» программасынын алкагында  китепканачылардын  кесиптик  аброюн  түп  тамырынан  өзгөртүүгө  мүмкүнчүлүк жаралганын белгилеп, өзгөчө санариптик чөйрөдө китепкана ишин заманбап уюштурууну колго алуу учурдун талабы экенин айтты.

Белгилей кетсек, кошумча кесиптик билим берүү  боюнча Жогорку китепкана мектебинин 5 айлык курсу 2022-жылы КМУнун базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечими менен, атайын лицензиянын негизинде ачылган. Февраль айында биринчи угуучулар кабыл алынып, бүгүнкү күнгө 150 дөн ашык китепканачыларды даярдап чыгарды.