Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда ӨКМдин өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенттерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 1-май райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, капитан Бактияр  Акматов менен Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Бекжан Жекшембиев техникалык жана өрт коопсуздугун алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.