Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда корей тили боюнча «Чечендик өнөр» сынагы өттү

Бүгүн, 11-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Корей тили бөлүмүндө окуган студенттер арасында “Чечендик өнөр” сынагы өттү.

Иш-чаранын ачылышына И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Корей Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэ, Бишкек шаарындагы корей борборунун директору Ким Джейонг, Кыргызстандагы корей тили мугалимдер ассоциациясынын башчысы Квак Хи Бом жана Ш.Кадырова атындагы ДТжЭМ институтунун директорунун орун басары Жылдыз Мадыраимова катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасындагы Корея элчилиги, Бишкек Седжон институту жана КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду. Бул конкурс студенттердин корей тилин үйрөнүүдөгү жетишкендиктерин жана чечендик өнөрүн көрсөтүүгө, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий жана билим берүү байланышын чыңдоого чоң салым кошот.