Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда КРда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара болуп өттү

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бардык имараттарында эвакуациялоо иши жүргүзүлдү.  
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-р “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүн өткөрүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу үчүн комплекстүү уюштурулган. 
Бул эвакуациялоого окуу жайдын жалпы жамааты, бардык студенттер жана кызматкерлер катышып, коңгуроо кагылып жаткан мезгилде университеттин короосуна чыгышты.