Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда КРдагы GIZ жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү программасынын тренингдери өтүүдө

4-6-июнь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУда Германия Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) Жашыл экономика боюнча тренерлерди даярдоо (TOT) программасы боюнча тренингдер өтөт.

Тренерлер GOPA AFCтин өкүлдөрү Торстен Свобода жана Гүлназ Жалилова.

Бүгүн ачылышында GIZ программасынын директору Ханна Забас катышуучулар жана коноктор менен жолугушту. Тренингдердин биринчи күнү “Жашыл экономиканын негиздери жана климаттын өзгөрүшү” темасын талкуулоодо “Климаттын өзгөрүшүнүн негизги логикасы (дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы себеп жана кесепеттер)”, “Адамзаттын өнүгүү тарыхында керектелген энергиянын ролу”, “Экономиканы өнүктүрүү үчүн кандай артыкчылыктар бар?”, «Жашыл экономиканын» аныктамасы. Андан соң “Көмүртек изи” темасын талкуулоодо “Көмүртек изин эсептөө - бул эмне?” практикалык мисалдар менен коштолду. Ошону менен бирге “Малдын көмүртек изи жана азык-түлүк коопсуздугу” темасын талкуулоодо Кыргызстан эмне өндүрөт жана расмий статистикага көңүл бурулду. Мисалы, эт өндүрүү үчүн энергияны (тоют) керектөө - бул оптималдуубу; тамак-ашты керектөөдөн келип чыккан эмиссиялар; мал чарбачылыгы, жайыттардын деградациясы жана көмүртектин эмиссиясынын ортосундагы байланыштар талкууланды.

Тренингдер учурунда катышучулар топтордо практикалык сабактарды аткарды.