Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда кыргыз-корей кызматташтыгы уланууда

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Корея Республикасынын Куми шаарынын Кёнвун университетинен профессор Пак Сынг Хун жана Эл аралык менеджер Чой Минхо келишти.
Алар Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн студенттерине Кёнвун университетинин факультеттери жөнүндө жалпы маалыматтарды берип, окууга кантип тапшырса болот экендиги тууралу айтып беришти. Ошону менен бирге, студенттерди кызыктырган гранттык программалар тууралуу жана академиялык мобилдүүлүк жөнүндө ой бөлүшүштү.