Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча семинары өттү

Бүгүн, 23-ноябрда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча семинары өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Өзбекстан Республикасынын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министринин биринчи орун басары, Мектепке чейинки билим берүү агенттигинин директору Агриппина Шин, И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышышты.